Илон Маск Twitterдин Сан-Францискодогу башкы кеңсесин үй-жайсыздардын баш калкалоочу жайына айлантууну сунуштады.
Ал тиешелүү сурамжылоону социалдык тармакта жүргүзүүдө.
Бүгүнкү күнгө чейин жалпысынан дээрлик 2 миллион колдонуучу добуш берген Масктын бул сунушун 90 пайыздан ашуун адам колдоду.
Белгилеп кетсек, ишкер Twitter компаниясынын эң ири акционери.