Бүгүнтөн тарта балдарды 1-класска электрондук кабыл алуу башталды

Бүгүнтөн тарта балдарды 1-класска электрондук кабыл алуу башталды. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, процесс mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу эки этапта жүргүзүлөт. Биринчи этап 27-июнга чейин – катталган жери боюнча. Экинчи этап 27-июндан 10-сентябрга чейин – учурда жашап жаткан жери боюнча. Бул үчүн баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү,… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта Казакстан чек араларын ачат

Бүгүнтөн тарта Казакстан чек араларын ачат. Эми анын Кыргызстан, Россия жана Өзбекстан менен чек ара бекеттеринен казакстандыктар, жарандыгы жок адамдар жана чет элдиктер өтө алат. Мындай чечимди коңшу өлкөнүн коронавирустун алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясы кабыл алды. Чек арадан өтүүдө COVID-19га таза ПЦР-тестти же… Кененирээк…

Токтогулда суунун деңгээли көтөрүлө баштады

Токтогулда суунун деңгээли көтөрүлө баштады. Бизге “Электр станциялары” ишканасынан такташкандай,  бүгүн суунун көлөмү 7 миллиард 983 миллион куб метрди түздү. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 458 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 168 куб метрге жетүүдө. Белгилеп кетсек, бир жума мурун суунун агып… Кененирээк…

Кыргызстан быйыл тышкы донорлордон 360 млн 441 миң доллар карыз алууну көздөөдө

Кыргызстан бардык милдеттенмелерин аткаруу үчүн быйыл тышкы донорлордон 360 миллион 441 миң доллар карыз алууну көздөөдө. Каржы министрлигинин маалыматына караганда, быйыл өлкөнүн негизги кредиторлору Евразиялык турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду, Дүйнөлүк жана Азия өнүктүрүү банкы болот. Алардан алынуучу акча пландалган бардык тышкы насыялардын дээрлик 49 пайызын… Кененирээк…

АКШнын киноакадемиясынын мүчөсү Уилл Смит «Оскар» сыйлыгын кайтарып бериши керек деп эсептейт

АКШнын киноакадемиясынын мүчөсү, актёр Гарри Ленникс кесиптеши Уилл Смит «Оскар» сыйлыгын кайтарып бериши керек деп эсептейт. Артисттин айтымында, учурда бул киносыйлыктын «жакшы атын» калыбына келтире ала турган жалгыз адам Смиттин өзү. Ал өзүнүн алтын кубогун академияга экспресс-почта аркылуу кайра жөнөтүшү керек жана “бул сыйлыкты урматтаганым үчүн… Кененирээк…

Сауд Арабия быйыл 1 миллион зыяратчыны кабыл алат

Сауд Арабия быйыл 1 миллион зыяратчыны кабыл алат. Аталган мамлекет чет элдиктерге ажылыкка барууга уруксат берди. Меккеге 65 жашка чейинкилер зыярат кыла алышат. Алар толук эмдөөдөн өтүшү керек. Ошондой эле, таза ПЦР тест тапшыруу зарыл. Эске салсак, 2 жыл мурун коронавируска байланыштуу Сауд Арабиянын бийлиги… Кененирээк…

Азык-түлүктүн баасы дүйнөдө рекорддук деңгээлге жетти

Азык-түлүктүн баасы дүйнөдө рекорддук деңгээлге жетти. Бириккен улуттар уюмунун азык-түлүк программасынын маалыматына ылайык, март айында баа дээрлик 13 пайызга өстү. Адистер мунун себебин Украинадагы согуш менен байланыштырышууда. Баанын көтөрүлүшүн биринчилерден болуп жашоо деңгээли төмөн өлкөлөр сезсе, азыр өнүккөн өлкөлөр да кыйналып жатат. Уюм кырдаал өзгөрбөсө,… Кененирээк…

21-кылымдын мыкты футболчусу белгилүү болду

21-кылымдын мыкты футболчусу белгилүү болду. Британиялык FourFourTwo журналы өзүнүн расмий сайтында 100 мыкты футболчунун рейтингин жарыялады. Тизменин башында «Пари Сен-Жермен» жана Аргентина курама командасынын чабуулчусу Лионель Месси турат. Экинчи орунда “Манчестер Юнайтеддин” чабуулчусу Криштиану Роналду. «Барселонанын» жана Испания курама командасынын мурдагы жарым коргоочусу Андрес Иньеста… Кененирээк…

Бишкекке автобус сатып алуу маселеси тез арада чечилиши керек

Бишкекке автобус сатып алуу маселеси тез арада чечилиши керек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн жыйынында билдирди. Анын айтымында, жүргүнчү ташуучу автобустарды сатып алуу үчүн республикалык бюджеттен керектүү каражат бөлүнгөн. Бул маселени кыска мөөнөттө чечип, автобус чыгаруучулар менен тиешелүү келишимдерди түзүү зарыл, —… Кененирээк…

Кыргызстанда жер басып алууга каршы жарлык чыкты

Кыргызстанда жер басып алууга каршы жарлык чыкты. Садыр Жапаров кол койгон документке ылайык, жерди мыйзамсыз ээлеп алгандарга карата көрүлүүчү чаралар иштелип чыгып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Анын алкагында, президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, мэрлерге, айыл өкмөт башчыларына жана укук коргоо органдарына жер жана суу мыйзамдарынын аткарылышын тыкыр көзөмөлдөө… Кененирээк…