Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору алмашты

Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Тимур Файзиев ээлеген кызматынан бошотулду. Миинстрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ордуна Руслан Акматалиев аталган шаарды куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалды. Тийиштүү чечимдерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Ар бир бешинчи кыргызстандык ашыкча салмактан жабыркайт

Ар бир бешинчи кыргызстандык ашыкча салмактан жабыркайт. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун изилдөөлөрүнө ылайык, өлкөнүн улуу муундагы калкынын жарымы, тагыраагы, 56 пайыздан ашыгы семирүүдөн жапа чегип келет. Бул көрсөткүч эркектерге караганда аялдарда жогору. Ошондой эле, Кыргызстандын бойго жеткен калкынын же 25тен 64 жашка чейинкилердин 43 пайызы… Кененирээк…

Быйылкы Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнү белгиленет

Быйылкы Кадыр түн 27-апрелден 28-апрелге караган түнү белгиленет. Бул тууралуу мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти. Кадыр түн орозонун 26сынан 27-күнүнө караган түнгө туш келет. Бул түндө мусулмандар таң атканча уктабастан куран окуп, жакшылык тилешет. Быйыл Орозо 2-апрелде башталган жана ал бир айдан кийин майрамдык айт менен… Кененирээк…

Ош шаарында троллейбустардын үчүнчү линиясын ишке киргизүү пландалууда

Ош шаарында троллейбустардын үчүнчү линиясын ишке киргизүү пландалууда. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, анын узундугу бир багыт боюнча алты чакырымдан ашат жана каттам шаардын калк жыш жайгашкан кичирайондору аркылуу өтөт. Ошондой эле, Ош бийлиги троллейбустарды, электробустарды сатып алуу, заряддоо станцияларын жана башка тиешелүү инфраструктураларды курууну көздөп… Кененирээк…

Медициналык билим берүүнү реформалоо маселеси боюнча кеңешме өттү

Улуттук онкология жана гематология борборунун жана Республикалык диагностикалык борборунун имараты Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына өткөрүлдү. Ошондой эле, Ош шаардык клиникалык ооруканасы ОшМУга берилди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, мындай чечим медициналык билим берүү системасын реформалоо боюнча жыйында кабыл… Кененирээк…

Нарындагы “Куланак” ГЭСинин курулушу 4 жылга созулат

Нарындагы “Куланак” ГЭСинин курулушу 4 жылга созулат. Кубаттуулугу 100 Мегаватт белгиленген ГЭСти куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруу укугу жоопкерчилиги чектелген коомго берилгенин өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты. Сметалык документация боюнча Куланак ГЭСин куруу мөөнөтү болжол менен 2026-жылы аяктайт жана тосмонун бийиктиги 27 метрди түзөт.

Кыргызстандагы унааларга видеокаттоо орнотуу милдеттендирилет

Кыргызстандагы унааларга видеокаттоо орнотуу милдеттендирилет. Тиешелүү мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги даярдайт. Демилге ишке ашса, жол кыймылы катышуучулары арасындагы тартипти күчтөндүрүүгө, коомдук коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө. Ошондой эле видеорегистратордогу жазуулар жол кырсыгынын себебин талдоодо маанилүү курал болуп берет. Аталган ченемди 2025-жылга чейин ишке… Кененирээк…