Кыргызстандагы унааларга видеокаттоо орнотуу милдеттендирилет

Кыргызстандагы унааларга видеокаттоо орнотуу милдеттендирилет.

Тиешелүү мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги даярдайт.

Демилге ишке ашса, жол кыймылы катышуучулары арасындагы тартипти күчтөндүрүүгө, коомдук коопсуздукту чыңдоого мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Ошондой эле видеорегистратордогу жазуулар жол кырсыгынын себебин талдоодо маанилүү курал болуп берет.

Аталган ченемди 2025-жылга чейин ишке киргизүү сунушталууда, бул автоунаа ээлерине көрсөтүлгөн убакытка чейин видеорегистратор алууга өз бюджетин пландаштырууга мүмкүндүк берет, — деп айтылат маалымата.