Ош шаарында троллейбустардын үчүнчү линиясын ишке киргизүү пландалууда

Ош шаарында троллейбустардын үчүнчү линиясын ишке киргизүү пландалууда.

Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, анын узундугу бир багыт боюнча алты чакырымдан ашат жана каттам шаардын калк жыш жайгашкан кичирайондору аркылуу өтөт.

Ошондой эле, Ош бийлиги троллейбустарды, электробустарды сатып алуу, заряддоо станцияларын жана башка тиешелүү инфраструктураларды курууну көздөп жатат.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкына арыз берилди.