Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору алмашты

Асман экологиялык таза шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору Тимур Файзиев ээлеген кызматынан бошотулду.

Миинстрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ордуна Руслан Акматалиев аталган шаарды куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башкы директору болуп дайындалды.

Тийиштүү чечимдерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.