Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду “Лейлек” кичи ГЭСинин курулушуна 5 миллион 600 миң доллар жеңилдетилген насыя бөлдү
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду “Лейлек” кичи ГЭСинин курулушуна 5 миллион 600 миң доллар жеңилдетилген насыя бөлдү. Фонддун сайтындагы маалыматка ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу дээрлик 6 мегаватты түзүп, жылына 26 миллиондон ашык киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. Чакан ГЭСтин курулушу 2023-жылы март айында аяктайт.