Айт намазына байланыштуу эски аянт оңдолуп жатат

Орозо айтка байланыштуу Бишкектеги эски аянттын тегереги оңдолууда. Эки жылдан бери бул жерде жапырт намаз окууга уруксат берилбей келген.

Мэриянын басма сөз катчысы Назгүл Жамгырчиева 2-майда Бишкектин борбордук бөлүгүндө айт намазы окуларын, ушуга байланыштуу асфальты жаңыланып, айланасы иреттелип жатканын «Фейсбукка» жазды.

 

Мурдагы өкмөт үйүнүн, азыркы Президенттик админстрациянын алдындагы эски аянтта 2020-жылга чейин Орозо айт жана Курман айт намаздары миңдеген кишинин катышуусунда окулуп келген. Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы жапырт намаз окууга тыюу салынган.

Мусулмандардын бир айлык ыйык орозо айы апрелдин соңунда аяктап, Айт майрамы болжол менен 1-2-майга туш келери кабарланган.