Туристтик сезонго карата Ысык-Көлдө бардык коопсуздук чаралары көрүлүүдө

Туристтик сезонго карата Ысык-Көлдө бардык коопсуздук чаралары көрүлүүдө. Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Бостери айылдык милиция бөлүмүнүн базасында убактылуу ыкчам штаб түзүлдү. Ошондой эле ар кайсы аймактардан Ысык-Көлгө баруучу жолдордо милициянын көчмө посттору орнотулду. Мындан тышкары, транспорт колонналарын, расмий делегацияларды жана балдарды эс алуу жайларында… Кененирээк…

Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан багыты боюнча жаңы аба каттам ачылды

Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан багыты боюнча жаңы аба каттам ачылды. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун” басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, авиакаттамдарды казакстандык авиакомпания аткарат. Каттам жумасына 2 жолу – дүйшөмбү жана бейшемби күндөрү болот. Учуу убактысы 2 саат.

Бишкектеги кыз-келиндер күрөш залы ушул жылдын аягында курулуп бүтөт

Бишкектеги кыз-келиндер күрөш залы ушул жылдын аягында курулуп бүтөт. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, спорт комплекс жалпысынан үч кабаттту болот. 30 спортчуга ылайыкташкан имаратта бардык заманбап шарттар түзүлөт. Комплексти салууга жалпысынан 98 миллион сомдон ашык каралып, бул жылкы курулуш үчүн дээрлик… Кененирээк…

Ак-Өргө жаңы конушунда сквер курулат

Ак-Өргө жаңы конушунда сквер курулат. Мэриядан маалым болгондой, учурда курулуш боюнча тендер жарыяланды. Сынакка арыз берүүнүн мөөнөтү 11-июлда аяктайт. Эс алуучу жай Ашар көчөсүндө жайгашат. Белгилеп кетсек, шаар бийлиги Ак-Өргөгө гүл бакча курууну беш жылдан ашык убакыт мурун убада кылган.

Талантбек Бекташов юстиция министринин орун басарлыгына дайындалды

Талантбек Бекташов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды. Мекемеден билдиришкендей, ал кечээ, 27-июнда эмгек жамаатка тааныштырылды. Талантбек Бекташов 1986-жылы туулган, жогорку билимдүү. Буга чейин президенттин администрациясынын Укуктук камсыздоо бөлүмүндө бөлүм башчы – жетекчинин орун басары болуп иштеген.

Баткендеги маданият жана спорт объектилери эми республикалык бюджеттен каржыланат

Баткен облусундагы маданият жана спорт объектилери эми республикалык бюджеттен каржыланат. Тиешелүү чечим министрлер кабинетинин кеңешмесинде кабыл алынды. Маалыматка ылайык, бул “Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамды ишке ашырууга багытталган. Мындан улам ушул жылдын 1-январынан тартып Баткен облусунун жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу маданият жана спорт объекттерин Маданият министрлиги… Кененирээк…

“Манас Ордонун” кызматкерлери 20,6 млн сомду максатсыз пайдаланган

Таластагы “Манас Ордо” комплексинин кызматкерлери 20,6 млн сомду максатсыз пайдаланган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө 2020-2021-жылдары республикалык бюджеттен, ошондой эле атайын эсептен кызматкерлерге материалдык жардам, үстөк акы, эмгек өргүү акысы, эмгек стажысы, кызматкерлердин ден соолугуна келтирилген залал үчүн… Кененирээк…

Жылдык жүгүртүүсү 8 млн сомдон ашпаган ишканалар салыктан бошотулат

Өкмөт жана бизнес чөйрө жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган ишканаларды салыктан мөөнөтсүз бошотуу боюнча мыйзам долбоорун иштеп жатат. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, салыктан көзөмөл-кассалык аппаратын колдонуу талабын аткарган ишкерлер бошотулат.

Кыргызстанда сугатка суу берүү планы 88 пайызга аткарылды

Кыргызстанда сугатка суу берүү планы 88 пайызга аткарылды. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, бул багытта иш өз нугунда жүрүүдө. Алсак, 27-июнга карата республика боюнча сугатка суу берүү планда 2583, 4 млн м3 каралса, иш жүзүндө 2261,1 млн м3 сугат суу берилип, план 88 пайызга аткарылды. Ал… Кененирээк…

Токтогулдагы суунун көлөмү 11,9 млрд куб метрден ашты

Бүгүн, 28-июнда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 925 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 1 миң 32 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 355 куб метрге жетүүдө.