Ак-Өргө жаңы конушунда сквер курулат.
Мэриядан маалым болгондой, учурда курулуш боюнча тендер жарыяланды.
Сынакка арыз берүүнүн мөөнөтү 11-июлда аяктайт.
Эс алуучу жай Ашар көчөсүндө жайгашат.
Белгилеп кетсек, шаар бийлиги Ак-Өргөгө гүл бакча курууну беш жылдан ашык убакыт мурун убада кылган.