Синоптиктерден шашылыш билдирүү

Синоптиктерден шашылыш билдирүү. Туруксуз аба-ырайынан улам Ысык-Көл облусунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Жарандарга этият болуу сунушталат.   Кырсык катталса, 112 номерине чалуу керек.

Бишкекте башаламан көрнөк-жарнактар алынууда

Бишкекте башаламан көрнөк-жарнактар алынууда. Мэрия маалыматына ылайык, шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында көрнөк-жарнактарды, баннерлерди бирдиктүү дизайнга алып келүү иштери уланууда.   Рейд Чүй проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейинки Абдрахманов жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн боюндагы тышкы көрнөк-жарнактары боюнча өткөрүлдү. Жыйынтыгында уруксатсыз 60 жарнама түзүлүшү алынды.

Кыргызстанда азырынча коронавирус чектөөлөрүн киргизүүнүн кажети жок

Кыргызстанда азырынча коронавирус чектөөлөрүн киргизүүнүн кажети жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.   Анын айтымында, эпидемиологиялык абал туруктуу, өлкө “жашыл зонада”, бирок вирус күч алып баштагандан бери атайын топ түзүлүп, иштеп баштады. Андан тышкары, жаңы учурлар боюнча күн сайын берилүүчү… Кененирээк…

Унааны мас абалында башкарган айдоочуларга карата жаза күчөтүлүшү мүмкүн

Унааны мас абалында башкарган айдоочуларга карата жаза күчөтүлүшү мүмкүн. Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште коомдук талкууга чыгарылды.   Сунушталып жаткан мыйзам кабыл алынса мас абалында унаа айдап эреже бузгандар 6 айдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат, азыркы мыйзамда бул мөөнөт 8 жылга чейин деп көсөтүлгөн.… Кененирээк…

Криштиану Роналду жакынкы арада “Манчестер Юнайтедден” кетиши мүмкүн

Криштиану Роналду жакынкы арада “Манчестер Юнайтедден” кетиши мүмкүн. Спорт басылмаларынын маалыматына ылайык, форвард ар кайсы себептер менен машыгууларга катышпай жатат.   Ал эми анын агенти башка клубдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Белгилеп кетсек, Роналду “Манчестер Юнайтед” клубу менен 38 оюн өткөрүп, 24 гол жаратты. Келишим 2023-жылдын… Кененирээк…

Кара-Кече кенинде жер көчтү

2-июлда Жумгал районундагы Кара-Кече кенинде жер көчкөнү маалым болду. Бул тууралуу маалыматты «Кыргыз көмүр» мамлекеттик ишканасы ырастады. «Кара-Кечеде көчкү жүрүп, болжол менен 30-40 миң куб/метр топурак көчтү. Техниканы топурак басып калды деген маалымат чындыкка дал келбейт. Ал жерде иштегендер жабыркаган жок».   Ишкана учурда жумуш… Кененирээк…