Кыргызстанда азырынча коронавирус чектөөлөрүн киргизүүнүн кажети жок

Кыргызстанда азырынча коронавирус чектөөлөрүн киргизүүнүн кажети жок. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди.

 

Анын айтымында, эпидемиологиялык абал туруктуу, өлкө “жашыл зонада”, бирок вирус күч алып баштагандан бери атайын топ түзүлүп, иштеп баштады. Андан тышкары, жаңы учурлар боюнча күн сайын берилүүчү статистика жанданат, — деди чиновник.

 

Эске салсак, соңку күндөрү өлкөдө жана деги эле дүйнөдө коронавируска кабылуу учурлары кайрадан көбөйө баштады.