Баткендеги 375 орундуу жаңы мектеп жакында пайдаланууга берилет

Баткендеги 375 орундуу жаңы мектеп жакында пайдаланууга берилет. Мамлекеттик курулуш агенттигинен такташкандай, имарат учурда 90 пайызга аяктады. Мындан тышкары, окуу процесси үчүн керектүү жабдуулардын жана эмеректерди орнотуу иши башталды. Эске салсак, мектептин куруулушу 2020-жылы Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражатына башталган. Анын сметалык баасы 1 миллион… Кененирээк…

“Ысык-Көл досторун чакырат — 2022” XII Эл аралык этно-карнавалы өтүүдө

Бүгүн, 7-июлда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев “Ысык-Көл досторун чакырат-2022” XII Эл аралык этно-карнавалынын катышуучулары менен жолугушту. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, жолугушууда министр балдарды этно-карнавалдын башталышы менен куттуктап, мамлекет ар бир баланын чыгармачыл өнүгүшүнө өзгөчө көңүл буруп келгенин… Кененирээк…

Чаткал районунун прокурору Бакирдин Жанузаков дүйнөдөн кайтты

Чаткал районунун прокурору, юстициянын подполковниги Бакирдин Жанузаков 54 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жанкузаков 7-июлда каза болгон. Бакирдин Жанузаков прокуратура органдарында 2004-жылдан тартып эмгектенип келген: — 2004-2005-ж.ж. – Талас областтык прокуратурасынын башкы адиси — 2005-2006-ж.ж.… Кененирээк…

Сүлүктү шаарында эки кабаттуу спорт комплекс пайда болот

Сүлүктү шаарында эки кабаттуу спорт комплекс пайда болот. Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, долбоордун сметалык баасы 26 миллион сомду түзөт.   Объект 80 чарчы метрден туруп, анда волейбол, футбол, баскетбол үчүн аянттар каралган. Спортчуларга бардык шарттар түзүлөт. Спорт комплекс ушул күздө ачылат деп… Кененирээк…

Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат

Бишкектин Бөкөнбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат.   “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасынын маалыматына ылайык, анын Орозбеков – Панфилов тилкесинде 30-августка чейин жылуулук түтүктөрүн калыбына келтирүү иштери аткарылат.   Андыктан, аталган бөлүктөн унаа өткөрүлбөйт. Тыгындарды алдын алуу максатында, айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

Жалал-Абадда Курман айт майрамына карата коомдук коопсуздукту 800 милиция кызматкери камсыздайт

Жалал-Абадда Курман айт майрамына карата коомдук коопсуздукту 800 милиция кызматкери камсыздайт. Облустук милиция башкармалыгынан билдиришкендей, стратегиялык маанилүү объектилер, коомдук жайлар жана эл көп чогулган жерлерде тартип сакчылардын нөөмөтү уюштурулат.   Курман айт ушул ишемби, 9-июлда белгиленет.

Бишкектин айланасына блок-посттор орнотулат

Бишкектин айланасына блок-посттор орнотулат. Бул бүгүнкү бүтүрүү кечелерине байланыштуу, —  дешти Кайгуул милиция кызматынан.   Ведомстводон түшүндүрүшкөндөй, жол кырсыктарын алдын алуу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту жокко чыгаруу максатында милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.   Мектеп бүтүрүүчүлөрү ата-энесинин, мугалимдердин уруксаты жок жаратылыш койнуна чыкпашы үчүн блок-посттор орнотулуп,… Кененирээк…

Кара-Кече кенинде көмүр казуу иштери кадимки тартипте уланууда

Кара-Кече кенинде көмүр казуу иштери кадимки тартипте уланууда.   Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Компаниядан белгилешкендей, алдын ала эсептөөлөргө ылайык,   2-июлда жер кыртышынын 40 миң кубометрге чейинки көлөмү жылды. Жабыркагандар жок.   Техника жана башка объектилерге зыян келтирилген жок жана табигый кырсык… Кененирээк…

Бишкекте бүгүнкү бүтүрүү кечелерине байланыштуу милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Бишкекте бүгүнкү бүтүрүү кечелерине байланыштуу милиция кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Кайгуул милиция кызматынан билдиришкендей, жол инспекторлору дагы шаар көчөлөрүндө коопсуздукту камсыздайт.   Белгилеп кетсек, ордо калаа бийлиги жана Билим берүү министрлиги кечкисин бүтүрүү кечелерин майрамдоого тыюу салган. Салтанаттуу иш-чара мектептерде өтүп, бүтүрүүчүлөргө аттестаттар тапшырылат.

Испания жана Португалияда 1 миң 200 жылдан берки алгачкы катуу кургакчылык катталууда

Испания жана Португалияда 1 миң 200 жылдан берки алгачкы катуу кургакчылык катталууда. Буга Азор антициклону себеп. Ал Жер ортолук деңизге жаан-чачындын нормасын кыскартууга жөндөмдүү.   12 кылымдан бери мындай кубулуштардын саны дээрлик эки эсе көбөйдү. Мындай өзгөрүүлөрдүн негизги себеби катары адам баласынын таасири белгиленет.