Жети-Өгүз районунда сел жүрдү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда сел жүрдү. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, сел бүгүн эртең мененки саат 8:30дар чамасында райондун Кичи-Жаргылчак айылында жүргөн. Сел суулары ички чарбалык жолдорду каптаган. Жерине 1 жүктөгүч тартылып, тазалоо иштери уланууда.

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолуна таш түштү

Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда тазалоо иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, кечээ, 2-августта кечки саат 7лер чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна болжол менен 10-15 куб метр таш түшкөн. Учурда жол жабык. Кырдаалдан жабыркагандар катталган жок.

Кадамжайда тойдо уулангандардын саны 100дөн ашты

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы тойдо уулангандардын саны 2-августка карата 108 адамга жетти. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 23ү ооруканага жаткырылган, анын ичинен экөө жаш балдар. Ал эми 85 адам амбулатордук дарыланууда, бирөө кичинекей бала. «Уулангандардын абалы… Кененирээк…

Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 3-4-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн. Мындан улам, жарандарга сак болуу сунушталат.

Франция саякатчылардын өлкөгө кирүүсү үчүн ковид чектөөлөрүн алып салды

Франция саякатчылардын өлкөгө кирүүсү үчүн коронавирус чектөөлөрүн алып салды. Туристтер мындан ары эмдөө сертификаттарын көрсөтүп же ковид тесттерин тапшырышы керек эмес. Бирок, жарандарга дагы эле сактык чараларын, анын ичинде коомдук транспортто беткап кийүү талап кылынууда. Аталган мамлекетте COVID-19дун жаңы учурлары кескин кыскарды.

Кочкордо тигүү цехи ачылды

Кочкордо тигүү цехи ачылды. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын алкагында 30га жакын жумуш орду түзүлдү. Ишкана жеке ишкер тарабынан түптөлдү. Цех жергиликтүү кесиптик лицейдин ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу максатын көздөйт.