Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунда тазалоо иштери жүрүп жатат.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 2-августта кечки саат 7лер чамасында Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна болжол менен 10-15 куб метр таш түшкөн.
Учурда жол жабык.
Кырдаалдан жабыркагандар катталган жок.