Кочкордо тигүү цехи ачылды.
Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, анын алкагында 30га жакын жумуш орду түзүлдү.
Ишкана жеке ишкер тарабынан түптөлдү.
Цех жергиликтүү кесиптик лицейдин ишмердүүлүгүн алдыга жылдыруу максатын көздөйт.