Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

Өлкөнүн тоолуу райондорунда сел жүрүү коркунучу жогору бойдон калууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, 3-4-августта туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда жана тоо этектеринде сел жүрүшү мүмкүн.

Мындан улам, жарандарга сак болуу сунушталат.