Түркиянын Конья шаарында Ислам тилектештиги оюндарында балбан Тынар Шаршенбеков күмүш медалга ээ болду.
Маалыматка ылайык, грек-рим күрөшү боюнча 63 килограмм салмак ченинде кыргыз балбаны ирандык балбан мене кез келип утулуп калды.
Белгилей өтсөк, Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын капчыгында 2 алтын медаль бар.