Айпери Медет кызы Ислам шериктештиги оюндарында алтын медалга ээ болду.
Түркиянын Конья шаарында өтүп жаткан мелдештерде ал 76 килограмм салмак категориясында килемге чыгып, африкалык атаандашын 10:0 эсебинде утуп алды.
Белгилеп кетсек, Ислам тилектештиги оюндарында Кыргызстандын капчыгында 3 алтын медаль бар. Аларды Айсулуу Тыныбекова жана Эрназар Акматалиев багындырды.