Ош облусунун Кара-Суу районунда индустриалдык-логистикалык борбор курулат

Ош облусунун Кара-Суу районунда индустриалдык-логистикалык борбор курулат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

 

Нариман айыл аймагындагы 8 гектар жер тилкеси «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Өнөр жай, транспорт, коммуникациялар, энергетика, коргонуу жана башка багыттагы жерлер» категориясына трансформацияланган.

 

Эми анда 100 адамды жумуш орду менен камсыз кыла турчу логистикалык борбор курулат. Анда жемиш бир нече ыкма менен кургатылат.