Эмгек министрлиги 100 баланы Ысык-Көлгө эс алууга жөнөттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү балдар үчүн эс алуу уюштурду. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

 

Маалыматта айтылгандай, «Улан» балдардын ден соолукту чыңдоо борборунда жалпы 100 бала 10 күн эс алышат. Чыңдоо борборго жеткенче балдарды жол-кайгуул кызматы коштоп жүрөт.