Ошто мектеп директорлорун тандоо боюнча тестирлөө өтүүдө

Бүгүн, 13-августта Ош облусунда мектеп директорлугуна талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, облус аймагында 244 мектептин директору кайрадан тандалат. Министрлик тестирлөө ачык-айкын өтүп, анын жүрүшүнө жарандык көз карандысыз коомдук уюмдардын өкүлдөрү көз саларын билдирүүдө.

 

Буга чейин мындай тестирлөө Жалал-Абад жана Баткен облустарында өткөн. Жалал-Абадда мектеп директору болууга 220 талапкер арыз берип, анын 61и сынактан ийгиликтүү өтсө, Баткенде 147 адамдан 60ы тиешелүү упайды топтой алган.

Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, мындай тестирлөө 17-августта Талас жана Чүй облустарында, 20-августта Нарын жана Ысык-Көл облустарында өтөт.

 

Президент Садыр Жапаров 12-июлда мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү мекемелеринин жетекчилерин сынак менен тандоо тууралуу жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, беш жылдан көп убакыттан бери иштеп келген директорлор кызматтан алынып, ордуна жаңы жетекчи сынак аркылуу дайындалат. Бул жарлык өлкөдөгү айрым мектеп директорлорунуну нааразылыгын жараткан эле.

Тармактык министрлик жарлыктын негизинде быйыл жаңы окуу жылына карата миңге чукул мектептин директору алмаша турганын билдирген.