Ошто аярлуу катмардагы 350 үй-бүлөгө бизнес ачуу үчүн 100 миң сомдон берилет

Ош облусунда аз камсыз болгон 350 үй-бүлөнүн чакан бизнес долбоорлорун колдоого 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу президенттин Оштогу өкүлчүлүгү билдирди.
Облус жетекчилиги калктын аярлуу катмарын иш менен камсыз кылуу, турмуштук оор кырдаалдан чыгаруу багытында өкмөттүн токтомун аткаруу боюнча жыйын өткөргөн.
«Жыйында чакан бизнес долбоорлорду тандоочу комиссия үй-бүлөнүн жашоо шартына, ишти андан ары алып кетүү мүмкүнчүлүктөрүнө карап так, адилет иш алып баруу зарыл экендигин баса белгиледи», — деп айтылат маалыматта.
Өкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, Ош облусунда 16 жашка чейинки балдары бар 31 949 үй-бүлө жөлөк пул алат. «Социалдык келишимдин негизинде жардам берүү жөнүндөгү» токтом боюнча айыл өкмөттөрүндө, райондордо комиссия түзүлүп, каалоочулар чакан бизнес долбоорлорду даярдап тапшырат. Комиссия карап чыгып жети райондун ар биринен 50дөн үй-бүлөнү тандап, 100 миң сом өлчөмүндө каражат берет.