Жаңы окуу жылынан тарта окуучулар диндер тарыхын окуп баштайт

Жаңы окуу жылынан тарта окуучулар диндер тарыхын окуп баштайт. Жаңы предмет тууралуу кененирээк Билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов айтып берет.   “Дин маданияты тарыхы сабагы кирди. 9-класстан баштап кирип атат. Адам жана коом предметинин алкагында. Негизи предметтин максаты – дүйнөлүк диндер боюнча окуучуларга… Кененирээк…

Ошто майрам күндөрү коомдук коопсуздукту 1 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт

Ошто майрам күндөрү коомдук коопсуздукту 1 миңден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу аймактык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.   Андан такташкандай, өздүк курам толугу менен кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү. Өзгөчө көңүл базарларга, парктарга жана башка эл көп чогулган жерлерге бөлүнөт.

Эгемендүүлүк күнүнө карата бишкектиктерге майрамдык программа даярдалды

Эгемендүүлүк күнүнө карата бишкектиктерге майрамдык программа даярдалды. Мэриядан билдиришкендей, эртең, 31-августта негизги иш-чаралар Чуңкурчак жайлоосунда өтөт.   Бул жерде миңдеген көрүүчүлөргө театрлашкан программа коюлуп, президент жана башка жогорку даражадагы чиновниктер катышат. Ал эми кечкисин Ала-Тоо аянтында концерт өтөт.   Тургундардын жана шаар конокторунун ыңгайы үчүн… Кененирээк…

Бишкек мектептеринин директорлоруна сынактык тандоо бүгүн өтөт

Бишкек мектептеринин директорлоруна сынактык тандоо бүгүн өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Компьютердик тестирлөө бир этап менен жүргүзүлөт.   Андан кийин жыйынтыкка нааразы болгон талапкерлер аппеляцияга тапшыра алат. Жалпысынан Бишкекте  62 бош орун бар.

Кыргызстанда мектепке зарыл буюмдар эки эсе кымбаттады

Кыргызстанда мектепке зарыл буюмдар эки эсе кымбаттады. Окууга зарыл товарлар басымдуу учурда Россия жана Кытайдан экспорттолот. 12 барактуу жөнөкөй дептерлер 8 сомго сатылууда, ал эми былтыр алардын баасы 4 сомдун тегерегинде болчу.   Сатуучулардын айтымында, россиялык товарлар рубль курсунун жогорулашына байланыштуу кымбаттаса, кытайлык товарлардын наркы… Кененирээк…

Өлкөдө 2 кант заводу жыл бою иштөө тартибине өттү

Өлкөдө 2 кант заводу жыл бою иштөө тартибине өттү. Учурга карата кант кызылчасынын түшүмү жыйнала элек болгондуктан, сырье Бразилиядан жеткирилип, кайра иштетилип жатат.   Бул Кыргызстанда кумшекер жетишсиздигин алдын алуу үчүн жасалууда. Биздин өлкөгө жылына 172 мин тонна кант керектелет. Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык,… Кененирээк…

Ордо калаада мечит, медреселер текшерилүүдө

Бишкек шаарындагы мечит, медресе жана башка диний-агартуу мекемелеринин ишмердүүлүгү текшерилип жатат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.   Муфтияттан билдиришкендей, текшерүү учурунда уруксат кагаздарынын бар-жогу, санитардык абалдын сакталышы каралат. Мыйзам бузуулар аныкталса имамдарга аларды жоюу боюнча тапшырмалар берилет. Бүгүн Асанбай кичи районундагы… Кененирээк…

Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

30-августта Бишкектин бир катар райондору жарыксыз калат. Бул тууралуу «Чүй электр түйүндөрү» (мурдагы «Түндүк электр») ишканасынан кабарлашты. Бул күнү адистер трансформаторлорду оңдоп, техникалык тейлөө жүргүзүшмөкчү. Саат 09:00дөн 15:00гө чейин — Орозбеков, Щербаков, Тоголок Молдо көчөлөрү, Алтай, Миң-Булак кууш жолдору, Чүй проспекти (№43/1, 45/1, 47/1 үйлөр),… Кененирээк…

Бишкекте эгемендик күнүн белгилөөгө 2 миллион сом сарпталат

Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгын белгилөө иш-чараларын уюштурууга Бишкек 2 млн. сом каражат сарптайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы «Азаттыкка» кабарлады. Маалыматка караганда, бул каражат үн чыгаруучу аппараттын ижарасына, жасалгаларга, транспорт жана чыгармачыл топту жалдоого кетет. Мындан сырткары буга биодарааткана орнотуу дагы кирет. Эгемендик… Кененирээк…