Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

30-августта Бишкектин бир катар райондору жарыксыз калат. Бул тууралуу «Чүй электр түйүндөрү» (мурдагы «Түндүк электр») ишканасынан кабарлашты.
Бул күнү адистер трансформаторлорду оңдоп, техникалык тейлөө жүргүзүшмөкчү.
Саат 09:00дөн 15:00гө чейин — Орозбеков, Щербаков, Тоголок Молдо көчөлөрү, Алтай, Миң-Булак кууш жолдору, Чүй проспекти (№43/1, 45/1, 47/1 үйлөр), Жаш Гвардия проспекти жана Маевка айылындагы №39, №383 контур;

Саат 09:00дөн 17:00гө чейин — Бөкөнбаев (№191 үй), Хаперская, Гагарин, Купянская көчөлөрү, 4-кичи район ( №17 үй), Эне-Сай конушу (2,4,13-көчөлөр, Култегин, 5-13 көчөлөр);

Саат 09:00дөн 18:00гө чейин — Панфилов, Токтогул көчөлөрү, Пригородное айылы (Полевой стан, Артезианская, Гамзатов, Дорожная, Кавказская, Лермонтов, Ташкентская көчөлөрү), Степное айылы (Степная, Достук, Ак-Жол, Новостройка, Береке, Изатов, Санатбаев көчөлөрү).