Ордо калаада мечит, медреселер текшерилүүдө

Бишкек шаарындагы мечит, медресе жана башка диний-агартуу мекемелеринин ишмердүүлүгү текшерилип жатат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

 

Муфтияттан билдиришкендей, текшерүү учурунда уруксат кагаздарынын бар-жогу, санитардык абалдын сакталышы каралат. Мыйзам бузуулар аныкталса имамдарга аларды жоюу боюнча тапшырмалар берилет.
Бүгүн Асанбай кичи районундагы намазкана текшерилди.