Бишкек – Ош унаа жолундагы тоннелдерден азырынча акы алынбайт

Бишкек – Ош унаа жолундагы тоннелдерден азырынча акы алынбайт. Унаа жана жолдор министрлиги туннелдерден транспорт каражаттарын өткөрүү үчүн акы киргизүү боюнча токтом долбоорун чакыртып алды. Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай чечим социалдык түйүндөрдө жарандардын нааразычылыгынан улам кабыл алынды. Бул токтом долбоору коомдук пикирди эске… Кененирээк…

Эртең Бишкекте Комуз күнү белгиленет

Бишкекте Комуз күнү белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди. Ведомствонун маалыматына караганда, иш-чара 9-сентябрда саат 18:30да Улуттук тарых музейинин алдында өтөт. Эске салсак, Кыргызстанда Комуз күнү төртүнчү ирет белгиленүүдө. Бул майрам Кыргызстан элин биримдигин бекемдөөгө, коомчулукту бириктирүүгө багытталып, этностук коомчулуктун… Кененирээк…

Майкл Джордандын майкасы үч миллион долларга бааланууда

Легендарлуу баскетболчу Майкл Джордандын майкасы үч миллион долларга бааланууда. Нью-Йоркто анын буюмдарынын кезектеги аукциону даярдалып жатат. Анда спортчунун бир нече сейрек буюмдары коюлат. Бирок негизги лот — бул Джордан карьерасында акыркы жолу кийген майка. Сооданын уюштуруучулары 23 номерлүү кийим үч миллиондон беш миллион долларга чейин… Кененирээк…

Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрмө бекетте чектөө киргизилди

Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрмө бекетте жарандардын жана унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун техникалык базасын жаңылоого байланыштуу бүгүн саат 11ден түшкү 2ге чейин жана кечки 5тен 8ге чейин Чүй облусундагы “Чалдыбар” өткөрүү пункту жабык болот. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара… Кененирээк…

Бишкекте тигүү цехтери текшерилүүдө

Бишкекте тигүү цехтери текшерилүүдө. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чаранын максаты – кийим-кече жана башка калдыктарды чыгаруу боюнча келишим түзүлбөгөн тигүү цехтерин аныктоо болуп саналат. Рейддик иш-чаралар уланат. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн таштанды чыгаруу кызматына тариф таштандынын… Кененирээк…

Күз-кыш мезгилине карата көмүр корунун басымдуу бөлүгү даярдалды

Күз-кыш мезгилине карата көмүр корунун басымдуу бөлүгү даярдалды. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Марат Орозбаев билдирди. Анын айтымында, көмүр базаларында элге сатуу үчүн 80 миң тонна отун түшүрүлүп, 100 миң тонна Бишкек жылуулук электр борборуна жеткирилди. Быйыл көмүрдү эки ай эрте берүү… Кененирээк…

Кыргызстанда дизелдик отундун баасы дээрлик бир жарым эсе кымбаттады

Жыл ичинде Кыргызстанда дизелдик отундун баасы дээрлик бир жарым эсе кымбаттады. Азыр өлкөдө солярканын литри орто эсеп менен 74 сомдон сатылууда. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 45 пайызга көп. Ошол эле учурда, 2022-жылдын башынан бери республикада дизелдик отундун баасы литрине дээрлик 16 сомго кымбаттады, ал эми… Кененирээк…

Пакеттеги чайларды бир колдонгондон кийин кайра демдөөгө болбойт

Пакеттеги чайларды бир колдонгондон кийин кайра демдөөгө болбойт. Адистердин айтымында, колдонулган баштыктын азык чөйрөсүндө бактериялар көбөйөт. Мындай чайды үзгүлтүксүз ичүү баш айланууга, жүрөк айланууга жана кусууга, ичеги-карындын бузулушуна, боор ооруларына жана башка жагымсыз кесепеттерге алып келет. Натыйжада, ден соолукка олуттуу зыян келет. Тагыраагы, бул үнөмдөө… Кененирээк…

Кыргызстан калкынын саны 7 миллионго жакындады

Кыргызстан калкынын саны 7 миллионго жакындады. Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, 1-августка карата элдин саны 6 миллион 977 миң адамды түздү. Маалымат жазында өткөн эл каттоонун баштапкы жыйынтыгы боюнча белгилүү болду. Белгилеп кетсек, эл каттоонун маалыматтары демографиялык статистиканын негизги булагы болуп саналат, ал 10 жылда бир… Кененирээк…

Бишкектен Ошко авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү

Бишкектен Ош шаарына авиакаттамдардын саны көбөйтүлдү. «Манас» эл аралык аэропортунун маалыматына ылайык, жергиликтүү компания Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча кошумча үч каттам ачты. Белгилеп кетсек, буга чейин Ош шаарына жумасына 58 каттам аткарылып келген.