Күз-кыш мезгилине карата көмүр корунун басымдуу бөлүгү даярдалды

Күз-кыш мезгилине карата көмүр корунун басымдуу бөлүгү даярдалды.

Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Марат Орозбаев билдирди.

Анын айтымында, көмүр базаларында элге сатуу үчүн 80 миң тонна отун түшүрүлүп, 100 миң тонна Бишкек жылуулук электр борборуна жеткирилди.

Быйыл көмүрдү эки ай эрте берүү башталды.

Карьердеги көмүрдүн тоннасы 1 миң 450 сомду түзөт.

Жеткирүү компаниялары өз кызматтары үчүн кошумча төлөм жүргүзүшөт.

Бүгүнкү күндө акыркы баа тоннасына 4 миң сом, — деди чиновник.