Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрмө бекетте чектөө киргизилди

Кыргыз-казак чек арасындагы эки өткөрмө бекетте жарандардын жана унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди.

Тышкы миграцияны эсепке алуунун бирдиктүү тутумунун техникалык базасын жаңылоого байланыштуу бүгүн саат 11ден түшкү 2ге чейин жана кечки 5тен 8ге чейин Чүй облусундагы “Чалдыбар” өткөрүү пункту жабык болот.

Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Ал эми эртең, 9-сентябрда кечки саат 7ден түнкү 9га чейин Таластагы «Чоң-Капка» посту аркылуу жүрүүгө убактылуу чектөө киргизилет.

Кыргыз-казак чек арасындагы калган өткөрүү пункттары штаттык режимде иштеп жатат.