Президенттин “Эл үмүтү” стипендиясын беш абитуриент алды

Кыргызстанда беш абитуриент президенттин эл аралык “Эл үмүтү” стипендиясын алды. Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу билдиргендей, студенттер дүйнөнүн эң мыкты окуу жайларына тапшырышты. Алсак, үчөө Колумбия университетинде, дагы экөө Гент жана Стэнфорддо окушат. Эске салсак, “Эл үмүтү” стипендиясынын көлөмү жылына 50 миң… Кененирээк…

Египетте туризм үчүн электромобиль жана электробустар ишке киргизилүүдө

Египетте туризм үчүн электромобиль жана электробустар ишке киргизилүүдө. Тактап айтканда, экологиялык таза транспорт менен пирамидаларга жетсе болот. Маршрут жети аялдаманы камтыйт. Алар панорамалык позициялардын жанында жайгашкан, анда кооз жерлердин эң жакшы көрүнүшү ачылат. Электромобилдерди колдонуу атмосферага көмүртектин бөлүнүп чыгышын азайтат деп күтүлүүдө.

Таштандыны кайра иштетүүчү заводдун курулушу сентябрдын аягында башталат

Бишкекте таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушу сентябрдын аягында башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Муниципалитет объектти кайсы эл аралык компания курарын чече элек. Буга чейин бир нече фирмалар менен келишимдер түзүлгөн, азыр документтер изилденип жатат. Мэриянын планы боюнча курулуш 1,5-2 жылда бүтөт.

Кыргызстан жүгөрү, картошка жана пахтаны экспорттой баштайт

Кыргызстан жүгөрү, картошка жана пахтаны экспорттой баштайт. Бул тууралуу айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди. Анын айтымында, айыл чарба продукциясын Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстан сатып алуу ниетинде. Чиновник ошондой эле быйыл 110 миң гектарга жакын жерге жүгөрү эгилгенин белгиледи. Бул өлкөнүн калкы керектегенден эки эсе… Кененирээк…

Кыргызстанда орточо айлык акы 24 миң 375 сомду түздү

Кыргызстанда орточо айлык акы 24 миң 375 сомду түздү. Ушул жылдын январынан август айына чейинки маалыматтар Улуттук статистикалык комитет тарабынан берилди. Эмгек акы 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 25 пайыздан ашык өскөн. Эң олуттуу жогорулоо искусство, көңүл ачуу жана эс алуу, саламаттык сактоо, билим берүү жана… Кененирээк…

Кыргызстанда инфляция жыл аягына чейин 15,5 пайызды түзүшү мүмкүн

Кыргызстанда инфляция жыл аягына чейин 15,5 пайызды түзүшү мүмкүн. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты боюнча отчетунда айтылды. Адистердин айтымында, баарынан да азык-түлүктүн баасы кымбаттап жатат. Баалардын секирүүсү ижарага алынган турак жайларга да катталды. Азык-түлүктөн тышкаркы инфляция да импорттук товарлардын кымбатташынан улам тездеди. Дагы бир… Кененирээк…

Быйыл Кыргызстанга чет өлкөдөн түшкөн инвестициянын агымы эки эсе көбөйдү

Үстүбүздөгү жылдын январь-июнунда былтыркы жылдын алты айына салыштырмалуу чет өлкөлүк түз инвестициялардын келип түшүү агымы эки эсе көбөйүп 628 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Инвестициялардын негизги көлөмү (94 пайызы) өндүрүш ишканаларына, пайдалуу кендерди казууга, финансылык ортомчулукка, камсыздандыруу чөйрөсүнө, дүң жана чекене… Кененирээк…

Тажикстандагы 25 этникалык кыргыз Бишкекте акысыз билим алат

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинде этникалык кыргыздар Бишкектеги жогорку окуу жайларга өтүү үчүн экзамен тапшырды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги билдирди. Окууга өтүү үчүн сынакка Мургаб, Лахш райондору жана Согди облусунда жашаган кыргыздар катышкан. Быйылкы 2022-2023-окуу жылына Тажикстанда жашап калган боордоштор үчүн Кыргызстандын университеттеринен 25 бюджеттик орун… Кененирээк…

Эртеңден тарта Бишкекте кайрадан күн жылып баштайт

Эртеңден тарта Бишкекте кайрадан күн жылып баштайт. Жуманын аягында термометр мамычалары жогорулап отуруп, күндүз +26, түнкүсүн +17 градусту көрсөтөт. Шамал жана жаан-чачын күтүлбөйт.   Мындай жагымдуу аба-ырайы айдын дээрлик аягына чейин сакталат.