Бийлик беш жыл ичинде бардык абактарды Бишкектин сыртына көчүрүүнү пландоодо

 

Бийлик беш жыл ичинде бардык абактарды Бишкектин сыртына көчүрүүнү пландоодо.

Бул тууралуу премьер-министр Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, мындай чечимдин кабыл алынышына жаза өтөө мекемелеринин заманбап талаптарга жооп бербегени, ошондой эле эл жыш отурукташкан аймактарда жайгашкандыктан коомдук коопсуздукка коркунуч келтиргендиги себеп болду.

Жапаров белгилегендей, учурда шаардагы № 47 колонияны бузуу иштери башталды, анын ордуна мектептер, бала бакчалар жана 10 миң орундуу социалдык үйлөр курулат.