Кыргызстан арпа, жүгөрү, картошка жана пахтаны экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салды

Кыргызстан арпа, жүгөрү, картошка жана пахтаны экспорттоого коюлган чектөөлөрдү алып салды.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун айтымында, жогорудагы товарларды Тажикстан менен Өзбекстандын жеке ишканаларына экспорттоо боюнча буга чейин келишимдер бар. Мындан тышкары, Казакстан быйыл 15 миң тонна картошка сатып алууну көздөөдө.

Ошондой эле Өзбекстан менен продукцияны экспорттоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, деди министр.