Баткенде алгач ижарага алып, кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен турак жай курулат

Баткен облусунда алгач ижарага алып, кийин сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен турак жай курулат.

Тиешелүү чечим өкмөттүн жыйынында кабыл алынды.

Үйлөр чек арага жакын аймактарда жайгашат.

Бул максатта Мамлекеттик ипотекалык компанияга 200 миллион сом бөлүү сунушталды.

Мындан тышкары, Аймактарды өнүктүрүү кеңешине айылдарды аныктоо жана жаңы турак-жайга эң муктаж болгон тургундардын тизмесин бекитүү тапшырылды.