Бишкекке электробустарды алып келүү боюнча тендердин жеңүүчүсү жакында аныкталат

Бишкекке электробустарды алып келүү боюнча тендердин жеңүүчүсү жакында аныкталат.

Мэриядан билдиришкендей, учурда сунуштарды акыркы баалоо иштери жүрүп жатат.

Бул иштин жыйынтыгы менен 120 электробус алып келүү жана заряддоо инфраструктурасы боюнча келишим түзүлө турган компания аныкталат.

Эске салсак, долбоор Азия өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат.

Программаны ишке ашыруунун жалпы суммасы 50 миллион доллардан бир аз ашат.

Каражаттын бир бөлүгү кредитке, калганы гранттык негизде берилет.