Джеймс Кэмерон төртүнчү «Аватар» тасмасын тартуу иштери башталганын билдирди

Режиссер Джеймс Кэмерон төртүнчү «Аватар» тасмасын тартуу иштери башталганын билдирди.

Мындан тышкары лентанын үчүнчү бөлүгүндө да иштер уланууда.

Режиссёр белгилегендей, “Аватар 2” тасмасы пост-продакшн стадиясында турганына карабай, иш өз нугунда жүрүүдө.

Белгилеп кетсек, көптөр күткөн тасманын экинчи бөлүгү 16-декабрга пландалып, калган үч тасма эки жылда бир – 2024, 2026 жана 2028-жылдары экранга чыгат.