Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстан спорттун 11 түрү боюнча катышат

Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Кыргызстан спорттун 11 түрү боюнча катышат.

Дене тарбия жана спорт департаментинен такташкандай, анын ичинен көк бөрү жана алыш бел боо күрөшү расмий түрдө киргизилген.

Мындан сырткары, оюндун программасында татар күраш, ашыртмалы аба күрөшү, капышмалы аба күрөшү, пахлавани, шалвар күрөшү, май күрөшү, таяк тартыш, көк пар жана салттуу жаа атуу спорту бар. Ал эми көргөзмө оюн катары кыргыз күрөш жана тогуз коргоол кирди.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл Түркиянын Изник шаарында 29-сентябрда башталып, 2-октябрга чейин өтөт.