Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара боюнча биргелешкен протоколго кол койду

Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациялары мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча биргелешкен протоколго кол коюшту.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Документ мамлекеттик чек аралардын айрым тилкелери боюнча жаңы келишимди макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.

Белгилеп кетсек, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы чек аранын узундугу 1 миң 378 чакырымды түзөт. Соңку маалыматтарга ылайык, анын 85 пайызы такталган.