Дары-дармектерди жүгүртүүнү көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы ишке кирет

Кыргызстанда дары-дармектерди жүгүртүүнү көзөмөлдөөнүн автоматташтырылган системасы ишке киргизилет. Саламаттык сактоо министрлиги бул жаңычылдык контрафакттык продукция менен күрөшүүгө жана дарылардын сапатын жакшыртууга жардам берерин белгиледи. Мындан тышкары, рынокко толук көзөмөл киргизилип, медициналык буюмдардын баасын жөнгө салууга мүмкүн болот деп күтүлүүдө. Министрлер кабинети Саламаттык сактоо министрлигине бул… Кененирээк…

Кыргызстан менен Мальдив аралдары визасыз режим боюнча келишимге кол коюшту

Кыргызстан менен Мальдив аралдары визасыз режимди киргизүү боюнча келишимге кол коюшту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди. Документте эки өлкөнүн жарандарын 30 күнгө чейин визалык талаптардан бошотуу каралган. Келишим эки республиканын аймагына кирүү, чыгуу, транзиттик жана убактылуу жүрүүнү камтыйт.

Бийлик 2023-жылга республикалык бюджетти 100 млрд сомго көбөйтүүнү пландоодо

Бийлик келерки жылга республикалык бюджетти 100 миллиард сомго көбөйтүүнү пландоодо. Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиевдин айтымында, учурда 2023-жылдын бюджетин түзүү иштери жүрүп жатат жана бул багытта ири пландар бар. Белгиленгендей, бюджеттин көлөмүн көбөйтүүгө салыктык жана бажы төлөмдөрүнүн өсүшү мүмкүндүк берет. Министр ишкерлер менен тыгыз… Кененирээк…

Баткенде үй-жайына кайткандардын саны 100 миңге чамалады

Бүгүнкү күнгө карата Баткенде үй-жайына кайткандардын саны 100 миңге чамалады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 14-17-сентябрдагы Тажикстан менен куралдуу кагылышуунун кесепетинен Баткен облусунда 136 миң 770 жаран эвакуацияланган. Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунан 5 миң 301 адам коопсуз… Кененирээк…

Баткен: атайын эсепке 273 млн 350 миң сомго чукул каражат түштү

Баткендеги жаңжал учурунда жабыркаган калкка колдоо көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсепке 273 миллион 350 миң сомго чукул каражат түштү. Бул Каржы министрлиги берген соңку маалымат. Белгиленгендей, акча азыркы тапта эч кандай муктаждыкка жумшала элек. Буга чейин маалымдалгандай, аны туура багыттоого президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү жооптуу… Кененирээк…

Чек арадагы үйлөрдү калыбына келтирүү башталды

Кыргыз-тажик жаңжалында жабыркаган турак жайларды калыбына келтирүү иштери башталды. Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев үйлөр жаңы жылга чейин курулуп бүтүшү керектигин билдирди. Кырдаалдын кесепетинен келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо уланууда. Жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиялары тарабынан жалпы 622 үй жабыркап, анын 427си жашоого жараксыз, 195и ондоп… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13,5 миллиард кубометрден ашты

Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 13,5 миллиард кубометрден ашты. “Электр станцияларынан” билдиришкендей, бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 1 миллиард 300 миллионго көп.   Учурда өлкөнүн башкы резервуарына суу секунасына 281 кубометрге толуп жатса, чыгышы дээрлик эки эсе аз – 144 куб. Белгилеп… Кененирээк…

Бишкек тургундары Баткен облусуна жардам көрсөттү

Бишкек тургундары Баткен облусуна жардам көрсөттү. Мэрия маалыматына ылайык, жалпысынан 17-сентябрда бишкектиктер 552 миң сом которду.   Андан тышкары, 12 тонна ун, 5 тонна кумшекер, 3 миң литр суу май, 7,5 тонна ун жана нан азыктары, 3 тонна мөмө-жемиштер чогултулган.   Мэриядан белгилешкендей, ордо калаа… Кененирээк…

Улуу Британиянын 105 жашка чыккан тургуну узак жашоо сыры менен бөлүштү

Улуу Британиянын 105 жашка чыккан тургуну узак жашоо сыры менен бөлүштү. Лина Ламонттун айтымында, узак жашоо үчүн сапаттуу шарапты дайым ичип туруу керек жана күлүп жүрүү зарыл.   Андан тышкары, ар бир адам жакындарын бактылуу кылуу үчүн аракет кылса, өзү дагы бактылуу жашайт, — дейт… Кененирээк…

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп Умбриэль Темиралиев дайындалды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп Умбриэль Темиралиев дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Темиралиев буга чейин Жогорку Кеңеш алдындагы бизнес жана ишкерликти өнүктүрүү кеңешинин башчысы, инвестиция министринин орун басары болуп эмгектенген.   Ал эми агенттиктин буга чейинки жетекчиси Равшан Сабиров өз… Кененирээк…