Кыргызстандын футболчулары Россия менен кайрадан оюн өткөрөт

Кийинки жылы Москвада Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Россиянын командасы менен жолдоштук беттеш өткөрөт.

Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинин жетекчиси Медербек Сыдыков билдирди.

Ал эки кураманын жооптук беттешин өткөрүү боюнча оозеки макулдашуу бар экендигин айтты.

Эске салсак, 24-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын футболчулары менен Россиянын командасы жолдоштук беттеш өткөрдү.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өткөн оюнда «Ак шумкарлар» атаандашына 1:2 эсебинде утулуп калды.

Голдорду Кыргызстандын курамасынын оюнчусу А.Шүкүров, Россиянын командасынан А.Соболев жана Д.Уткин киргизди.