Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга 40 миллион доллар бөлөт

Азия өнүктүрүү банкы билим берүүнүн деңгээлин жогорулатуу үчүн Кыргызстанга 40 миллион доллар бөлөт.

Анын бир бөлүгү насыя, калганы гранттык негизде берилет.

Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, илимий багыттарга – математика жана инженерияга басым жасалат.

Мындан тышкары, Кыргыз билим берүү академиясынын потенциалын жогорулатуу, заманбап жабдууларды алуу жана окуу китептеринин мазмунуна сапаттуу экспертиза жүргүзүү пландалууда.

ЖОЖдордо окутуучу кадрларды даярдоо боюнча да реформа жүргүзүлөт.