Бүгүн кечки саат 8ге чейин Оштогу Ак-Буура дарыясындагы суу убактылуу токтотулат.
Мындан улам, ичүүчү суу кечки саат 6дан эртең, 27-сентябрь таңкы саат 7ге чейин өчүрүлөт.
Novosti.kgге Ош шаардык мэриясынан такташкандай, мунун себеби аталган дарыядагы пландык ондоп-түзөө иштерине байланыштуу.
Өчүрүү калаанын Юго-Восток, ХБК, Калинин жана Достук кичи райондорунан башка бардык райондоруна таасирин тийгизет.