Кыргызстанда 18 оорукана медициналык жабдуулар менен жабдылды

Кыргызстанда 18 оорукана медициналык жабдуулар менен жабдылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, жардам Азия өнүктүрүү банкы менен республиканын өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун негизинде берилди.

Медициналык мекемелерде оңдоо иштери жүргүзүлүп, жаңы аппараттар орнотулду.

Мындан тышкары медицина кызматкерлеринин потенциалы жогорулатылды.