Азербайжандын президенти Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди

Азербайжандын президенти Ильхам Алиев бүгүн, 11-октябрда, Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди. Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Азербайжандын президентинин учагы “Манас” эл аралык аэропортуна конду. Жогорку даражалуу мейманды президент Садыр Жапаров тосуп алды. Мамлекеттик сапардын алкагында Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Мамлекеттер аралык… Кененирээк…

Кийинки жылы 10 миң үй-бүлө чакан бизнес ачууга каражат алышат

Кийинки жылы 10 миң үй-бүлө чакан бизнес ачууга каражат алышат. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдиргендей, социалдык келишимдин негизинде муктаж үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон жардам берилүүдө. Маалыматка ылайык, учурда 2 миң 800 үй-бүлөгө каражат берилип, 14 миң адам жашоо шартын жакшыртты. Бул… Кененирээк…

Республикада курч респиратордук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүүдө

Республикада курч респиратордук инфекциялар менен ооругандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен билдиришти. Алсак, 3-октябрдан 9-октябрга чейин өлкөдө 4 миң 702 инфекция катталган. Өткөн жумага салыштырмалуу өсүү 12 пайызды түздү. Курч респиратордук инфекциялар туруксуз аба ырайы менен шартталышы мүмкүн.… Кененирээк…

Гонконгдо дээрлик 3 миллион долларлык нефриттен жасалган шуру уурдалды

Гонконгдо дээрлик 3 миллион долларлык нефриттен жасалган шуру уурдалды. Каракчылардын кол салуусу эң кымбат салондордун биринде болду. Эки кылмышкер дүкөнгө сатып алуучулардын атын жамынып келип, андан соң сатуучуну бычак менен коркутуп, мончокту алып качып кетишкен. Аларды сыртта унаа менен дагы бир шериги күтүп турган. Учурда… Кененирээк…

Жыл башынан бери Кыргызстанга 200 миңге жакын россиялык жаран келди

Жыл башынан бери Кыргызстанга 200 миңге жакын россиялык жаран келди. Анын ичинен 1 миң 500дөн ашыгы Кыргызстандын жарандыгын алууга арыз берди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин калкты каттоо департаментинин башчысы Нурсултан Сардарбеков билдирди. Ал белгилегендей, быйыл тогуз айда Кыргызстанга келген россиялыктардын саны былтыркы көрсөткүчтөн 30… Кененирээк…

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы сот процесстери аяктагандан кийин башталат

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы сот процесстери аяктагандан кийин башталат. Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Индира Шаршенова билдиргендей, бүгүнкү күндө долбоорду аткаруучу тарабынан мыйзам бузуулар сотто каралып жатат. Эске салсак, аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча тендерди 2019-жылы кытай компаниясы жеңип алган. Анын талаптарына ылайык, 2020-жылдын… Кененирээк…

Лионель Месси тарыхтагы эң мыкты футболчу деп аталды

ПСЖнын аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси FourFourTwo басылмасынын версиясы менен тарыхтагы эң мыкты футболчу деп аталды. Анын жердеши Диего Марадона экинчи орунда жайгашат.   Үчүнчү позицияда португалиялык футболчу Криштиану Роналду турат, төртүнчүдү – бразиялык Пеле, мыктылардын бешилтигин француз оюнчусу Зинедит Зидан бекитет.

1,5 миң россиялык жаран Кыргызстан жарандыгын алууга арыз берди

1,5 миң россиялык жаран Кыргызстан жарандыгын алууга арыз берди. Бул тууралуу Калкты каттоо департаментинин директору Нурсултан Сардарбеков билдирди. Анын айтымында, бул жыл башынан берки көрсөткүч.   Январдан бери Россиядан Кыргызстанга 192 миң 258 адам келди. Бул өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу 30 пайызга… Кененирээк…

Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда жабыркагандардын документтери акысыз калыбына келтирилди

Баткенде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда жабыркагандардын документтери акысыз калыбына келтирилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирди.   Анын айтымында, жалпысынан 450 жаран кайрылган, алардын бардыгы жаңы документтерин колго алды. Жеринде көчмө калкты тейлөө түйүндөрү иштеди, — деди чиновник.

Түркиянын Анкара шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды

Түркиянын Анкара шаарында Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бак ачылды.   Тышкы иштер министрлигинин маалыматына ылайык, Чанкая районунда 8-октябрда ачылган паркта улуу жазуучунун бюсту орнотулуп, ага «Адамга эң кыйыны — күн сайын адам болуу» деген сөзү жазылган.   Ачылыш аземине Кыргызстандын жана Түркиянын расмий өкүлдөрү катышты.