“Санарип көчмөн” макамын алуу үчүн 600дөн ашык адам арыз берди

“Санарип көчмөн” макамын алуу үчүн 600дөн ашык адам арыз берди.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, булар Азербайжан, Армения, Молдова, Россия жана башка өлкөлөрдүн жарандары.

Буга чейин 182 адам каттоодон өткөн.

Калгандарынын документтери каралып жатат, — деп кошумчалады чиновник.

Эске салсак, быйыл Министрлер кабинети чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанда иштешине шарт түзгөн «Санарип көчмөн» статусун ыйгаруу тууралуу убактылуу жобону бекиткен.