Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүнө токтотулган унаалар эвакуацияланат

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүнө токтотулган унаалар эвакуацияланат.

Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Азербайжандын президенти Ильхам Алиевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгенине байланыштуу Бишкектин борбордук көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Кайгуул кызматы жарандардан шаардын негизги көчөлөрүндө токтоткон унааларынын алдыңкы терезелерине телефон номерлерин калтырып коюну суранат.