Чек ара: Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта жабыркаган Баткендеги эки айыл жаңыдан курулат.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн кол койду.

Ага ылайык Баткен районунун Капчыгай жана Достук айылындагы үйлөр бузулат жана ордуна жаңы турак жай тургузулат.

Алардын документтери курулуш иштери аягына чыгары менен ээлерине акысыз берилет.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соңку куралдуу кагылышта кыргыз айылдарынан 661 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү жашоого жараксыз болуп калса, 238 үй оңдоп-түзөлүшү керек.