«Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкектеги аялдамаларды жууп-тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.
Маалыматка ылайык, жууп-тазалоо иштерине 10 жумушчу жана 5 бирдик атайын техника тартылды.
«Учурда Чыңгыз Айтматов, Чүй, Манас, Жибек-Жолу проспектилериндеги, Жаш Гвардия бульвары, Фучик, Жусуп Абдрахманов, Байтик Баатыр жана 7-Апрель көчөлөрүндөгү аялдамаларды жууп-тазалоо жүргүзүлдү», — деп белгилешти муниципалитеттен.
Мындан тышкары, ишкананын кызматкерлери графикке ылайык жолдорду жууп жатышат.