Кыргызстан менен БАЭ уставдык капиталы 100 млн долларлык компания түздү

Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары уставдык капиталы 100 миллион долларлык биргелешкен компания түздү. Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, эки тараптуу макулдашууга Садыр Жапаров менен БАЭнин президенти шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахайяндын сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында жетишилди. Ага ылайык, каражат транспорттук-логистикалык хаб, IT, энергетика жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча… Кененирээк…

Муфтият кичи ажылык сапарына уюштуруу иштерин баштады

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы умра сапарын (кичи ажылык) уюштурууну баштады. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, Мекке жана Медина шаарларына барууну каалаган жарандар 16-ноябрга чейин муфтиятка, облустук жана шаардык казыяттарга кайрылуусу керек. Толук маалымат үчүн байланыш номерлери: (0312) 48-61-67, 0778/708-48-61-67, 0500-21-51-11.

Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы элчиси кызматынан бошотулду

Асеин Исаев Кыргызстандын Индиядагы элчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. «Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Исаев Асеин Кусеинович Кыргызстандын Индиядагы элчиси, Нью-Дели шаарындагы резиденциясы менен эки ишти айкалыштыруу боюнча Кыргызстандын Бангладеш Эл Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан… Кененирээк…

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жол кыймылына чектөө киргизилди

Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашууда жол кыймылына чектөө киргизилди. Ага ылайык, Чүйдүн Сосновка айылынан жүк ташуучу унаалар өткөрүлбөйт. Унаа жана жолдор министрлиги чектөөлөр күн ачылганча күчүндө болорун билдирди. Аба ырайынын бузулушунан улам айдоочуларга машинелердин ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.