Улуттук банк алтын сатуудан түшкөн акчаны доллар курсун турукташтырууга коротту

Улуттук банк алтын сатуудан түшкөн акчаны доллар курсун турукташтырууга коротту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Аманкан Кенжебаев жарыялады.   Анын айтымында, Улуттук банк 19 тонна алтынды 1 миллиард долларга саткан, андан кийин 760 миллион долларды доллар курсун кармоого багытталган интервенцияларды өткөрүүгө жумшаган.   Экономист… Кененирээк…

Бишкекте эки күн аномалдуу жылуу аба ырайы күтүлөт

Бишкекте эки күн аномалдуу жылуу аба ырайы күтүлөт. Синоптиктердин маалыматы боюнча, бүгүн жана эртең шаарда күндүз аба табы 20 градуска чейин жетет. Бирок 3-ноябрдан баштап температура төмөндөйт жана нормалдуу калыбына келет. Аба-ырайы күндүз 10-13 градуска чейин жылуу болот. Бирок асманды булут каптап, мезгил-мезгили менен жаан… Кененирээк…

Бишкектеги №8 бала бакча капиталдык оңдоодон өтүп жатат

Бишкек шаарынын Чокморов көчөсү, 253 дарегинде жайгашкан №8 мектепке чейинки билим берүү уюму капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, бала бакчанын эки кабаттуу имараты 120 орундуу, 4 тайпага ылайыкталган. Имараттын аянты 483,42 чарчы метрди түзөт. Бүгүнкү күндө инженердик… Кененирээк…

Бишкекте бүгүнтөн тарта көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылат

Бишкекте бүгүнтөн тарта көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылат. Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн баасы 4 миң сомдон сатылат жана бир адамга 2 тонна гана берилет. “Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан уюштурулган көмүр жайлар эртең мененки саат 9дан баштап иштейт. Арзан… Кененирээк…

Кыргызстандын энергокомпаниялары күз-кыш мезгилине даярдыкты аяктады

Кыргызстандын энергокомпаниялары күз-кыш мезгилине даярдыкты аяктады. Улуттук энергохолдингдин маалыматына караганда, негизги жабдууларды оңдоо иштеринин графигине ылайык 9 айдын ичинде ГЭСтерде 5 гидроагрегаттын капиталдык ремонту жүрдү. Бишкек шаарынын ЖЭБинде буу казан агрегаттарында жана турбо агрегаттарда оңдоо иштери аткарылды. Электр тармактары боюнча подстанцияларда, электр берүү линияларында жана… Кененирээк…

Баткенде үйлөрдү калыбына келтирүү иштери уланууда

Баткенде чек арадагы соңку жаңжалдан жабыркаган үйлөрдү калыбына келтирүү иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, учурда Баткен жана Лейлек райондорундагы 135 турак жайдын пайдубалы курулууда. Ал эми 171 үйдүн фундаменти бүткөрүлүп, 63 үйдүн дубалынын курулушу жүрүп жатат. Белгилеп кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан Баткенде… Кененирээк…

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык

Өлкөнүн башкы жолдору кыймылга ачык. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, Өтмөк, Талдык, Долон ашууларында, Сарыташ – Карамык, Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу жолунда тазалоо иштери жүрүп жатат. Буга карабай, чектөөлөр киргизилген жок. Бирко алыскы сапарга чыга турган айдоочулар дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып, тайгактыкка каршы шаймандарды ала… Кененирээк…

Ноутбукту таштандылардан тазалагысы келген эки жашар кыз техниканы сууга жууп салды

Кытайдын Шаньдун провинциясында эки жашар кыз компьютери кирдеп кеткенине нааразы болгон атасына жардам берүүнү чечип, ноутбукту самындап жууп салган. Кыздын апасы ваннадан кандайдыр бир үндөрдү угуп, бөлмөгө киргенде ноутбук самындуу сууда жатканын көргөн. Аял окуяны видеого тартып алган. Көрсө, кыз атасынын ноутбукка көп таштанды чогулуп… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин эки конушунда суу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкектин эки конушунда таза суу жок болот. Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Мурас-Ордо конушунда кечки саат 6га чейин, Калыс-Ордодо түшкү 3кө чейин ичүүчү суу берүү токтотулат. Мунун себеби ремонттук иштерге байланыштуу. Бишкек мэриясы калктан, уюмдардан сууну эртелеп камдап алууну суранат.

“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды

“Сосновка” өткөрүү түйүнүндө жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Ведомстводон белгилешкендей, мындай чектөөлөр кечээ туруксуз аба-ырайына байланыштуу киргизилген. Кошумчаласак, Бишкек-Ош жолуна чыккан айдоочуларга машинелердин ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.