Пакистанда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү көрсөтүлдү

Пакистанда Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү көрсөтүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги тарабынан маданий-гуманитардык жана билим берүү байланыштарын чыңдоо, ошондой эле эки тараптуу туризмди өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Лахор шаарында Пакистан өкмөтүнүн колдоосу менен Кыргызстан менен… Кененирээк…

Президент Самаркандда Түрк мамлекеттер уюмунун Саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 10-11-ноябрда Самарканд шаарына мамлекеттер уюмуна (ТМУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. “Мамлекеттердин лидерлери Уюмдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашат, 2022-2026-жылдарга ТМУнун Декларациясын… Кененирээк…

Айдоочуларга рулда этият болуу сунушталат

Айдоочуларга ушул күндөрү рулда өзгөчө этият болуу сунушталат. Аба-ырайынын начарлашына байланыштуу жолдордо көрүү начарлап, авариялык кырдаалдар жаралышы мүмкүн. Кырсыктарды болтурбоо үчүн унаа ээлерине ылдамдыкты жогорулатпоо өңдүү жол эрежелерин так сактоо сунушталат.

Кара-Балтада муктаж жарандар үчүн социалдык шаарча курулат

Кара-Балта шаарында муктаж жарандар үчүн социалдык шаарча курулат. Мэриядан билдиришкендей, курулушка кайрымдуулук фонддордун бири демөөрчү болот. Белгиленгендей, шаарчадагы турак жайларды бөлүштүрүүдө социалдык жактан аялуу жарандарга жана жалгыз бой энелерге артыкчылык берилет.

Улуттук банк жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат

Улуттук банк жарандарды шылуундардан сак болууга чакырат. Акыркы убакта белгисиз адамдар өздөрүн көзөмөлдөөчү органдын кызматкерлери катары тааныштырып, акча которууну ырастоону суранышууда. Муну менен чабуулчулар жарандардын жеке маалыматын алууга аракет кылышат. Улуттук банк бейтааныш адамдарга жеке маалыматты жана карта номерин ачыкка чыгарбаш керектигин белгилейт. Болбосо, жарандар… Кененирээк…

Өлкөдө диний себептерден улам эмдөөдөн баш тартуулар азая баштады

Кыргызстанда жылына 8 миңдей жаран пландуу эмдөөдөн баш тартат. Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, расмий каттоо 2016-жылдан бери жүргүзүлүп келет. Эксперт белгилегендей, буга чейин баш тартуулардын 70 пайызга жакыны диний себептерден улам болгон. Уюмдар менен тыгыз иштөөнүн аркасында бул көрсөткүч 20 пайызга кыскарды.… Кененирээк…

Кыргызстанда 11 жаштагы кыздар үчүн папиллома вирусуна каршы эмдөө башталат

Кыргызстанда 11 жаштагы кыздар үчүн адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө башталат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева билдирди. Анын айтымында, эмдөө алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарына ылайык жүргүзүлөт. «Бул календарь КР Саламаттык сактоо министрлигинин 2019-жылдын 23-декабрындагы №1131 буйругу менен… Кененирээк…

Таш-Көмүрдө УКМКнын жаңы имараты ачылды

Таш-Көмүр шаарында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды. Маалыматка ылайык, ачылуу аземине УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгынын жетекчилери, өздүк курамы, УКМК ардагерлери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Белгиленгендей, жаңы имаратта атайын кызматтын кызматкерлери үчүн бардык шарттар түзүлгөн. «Өлкө башчысы Садыр… Кененирээк…

Чүй облусунда көмүр сатуучуларга бааны төмөндөтүү тапшырылды

Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунда көмүр сатуучуларга эки күндүн ичинде көмүрдүн баасын төмөндөтүү тапшырмасы берилди. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, кечээ ведомствонун төрагасы Кеңешбай Тайлаков аталган райондорго текшерүү жүргүздү.   «Сокулук районунда Кара-Кеченин көмүрү тоннасы 4,4 миң сомдон… Кененирээк…

10-ноябрда Бишкектин үч конушуна суу берүү токтотулат

Эртең, 10-ноябрда саат 9:00дөн 18:00гө чейин Бишкек шаарынын Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштарына таза суу берүү токтотулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу «Ак-Жар», «Ак-Бата» суу алгычтарында жана шаардын суу түтүктөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт. Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү… Кененирээк…